Садыр Жапаров: «Медиктердин айлык акысы 40 пайызга көтөрүлөт»

Өлкөдө медицина кызмткерлеринин айлык акысы 40 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров Эл аралык аялдар күнүнө арналган аялдар менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда президент өлкө аялдары менен билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жеңил өнөр жай жана спорт тармактарындагы бир катар көйгөйлөрдү көтөргөн.

Анда мамлекет башчысы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрлардын айлык акыны көтөрүү маселеси артыкчылыктуу болуп саналат деп белгилеген.

“2021-жылы 1-июлдан баштап медиктердин айлык акысы 40%га көтөрүлөт. Мен 100%га чейин деле көтөрө бермекмин, тилекке каршы бул жылдын бюджетинин алкагында биз 40%га гана көтөрө алабыз. Бирок мен бул багытта иштер улантыларына ишендирип кетким келет”, — деди Жапаров.