Садыр Жапаров Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда Сауд Арабия падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды.

Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, ага Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты.

«Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды»,- деп айтылат маалыматта.

Аль-Масжид ан-Набави — Сауд Арабиянын Медина шаарындагы эң чоң мечити жана Меккедеги ыйык мечиттен кийинки эле исламдын экинчи ыйык жери. Дүйнөдөгү экинчи ири мечит жана пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жери болуп саналат.