Садыр Жапаров «Мекенчил» партиясынын шайлоолорго катышпай турганын айтты

Президент Садыр Жапаров «Мекенчил» партиясы Бишкек шаардык кеңеш менен катар парламенттик шайлоого дагы катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 24-февралда Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуу учурунда айтты.

Жапаров бул чечимин буга чейинки элдик толкундоолорго байланыштырды. Анын айтымында, октябрдагы окуялар шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразычылыктан келип чыккан.

“Административдик ресурс колдонулду деген сөздөн алыс бололу, мурункулардын катасын кайталабайлы дегендиктен шайлоого катышпайт деп чечтим. Парламенттик шайлоого дагы катыштырбайбыз. Мындан ары шайлоолор таза болот. Административдик ресурс колдонулбайт, сатып алуу дагы болбойт. Жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке шайлоо таза өтөт”,— деди Жапаров.