Бүгүн, 26-декабрда Элдик курултай болуп өттү. Оштон келген делегат Айсалкын Карабаева тергөө абактарындагы шартты жакшыртууну өтүнгөн. Айтымында, ал жерде электр плиталарын колдонууга уруксат берилбейт.
“Биринчи жолу 9 ай, экинчисинде 3,5 жыл отуруп чыктым, бирок эч качан шартына арызданган эмесмин. Плиталарды күнү-түнү күйгүзүүгө уруксат бербейбиз, электр кубатын үнөмдөш керек. Мамлекеттин эсебинен биз төлөйбүз. Мына силердин чөнтөгүңөрдөн чыга турган акча. Өзүнүн ичиндеги жылуулугу жетет ал жерге”, — деди президент.