«Чындап эле жолукканбыз». Раиса Атамбаева Садыр Жапаров менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин социалдык тармактагы баракчасында жубайы Раиса Атамбаеванын билдирүүсү жарыяланды.

«Ооба, биз Садыр Жапаровдун уулу Рустам аркылуу өлкө башчы менен жолукканбыз. Ал чындап эле акылдуу, боорукер жигит. Бул жолугушууда Алмазбек Шаршеновичти дарыланууга жөнөтүүнү сурандык. Мен, Сеид жана Кадыр үчөөбүз ал кайтып келип, кайра түрмөгө отургуча биз абакта отуруп турууга даярбыз. Бирок ал сот бүтмөйүн дарыланууга жөнөтө албасын айтты. Экинчи суранычыбыз Батукаевдин ишин кайра карап чыгуу болду. Биз кечирим сураган жокпуз, камактан бошотуу жана башкаларды сураган жокпуз, буга чейин УКМКнын имаратында жабык эшик артында өткөн Батукаевдин иши боюнча ачык соттук териштирүүнү суранганбыз. Президентке чакыруу жана сүйлөшүү үчүн рахмат айтам. Биз эки сааттай сүйлөшүп отурдук. Аягында президент бул тууралуу эч кимге айтпоону сураган. Ошон үчүн ушул күнгө чейин ооз ачпай келгенбиз. Алмазбек Атамбаевдин өзү эч кимден эч нерсе сураган эмес жана сурабайт дагы», — деп жазылат Раиса Атамбаеванын билдирүүсүндө.

Садыр Жапаров маек берип жатып, уулу Рустам Алмазбек Атамбаевдин балдарын ээрчитип келгени үчүн кабыл алганын айткан.