Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев «Достук» чек ара заставасына барды

Бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды. Ал имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди. Президент чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи.