Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин футболдогу эмоциясы (видео)

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда беттеш өтүп жатат.

Беттештин 1-бөлүгү 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов беттешке президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана башка мамлекеттик кызматкерлер барганын билдирди. Ал ошондой эле алардын беттештеги эмоциялары менен бөлүштү.