Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жаратылыштагы сүрөтү

Социалдык тармактарга президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн жаратылыш койнунда эс алып жатканда тартылган сүрөтү тарады.

Сүрөттөрдү президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы Адинай Марипова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Сүрөттүн качан, кайсы жерде тартылганы тууралуу маалымат жок.

Эске салсак, буга чейин мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Ташиев менен Жапаров бийликти ортосунан бөлүштүрө албай, алардын айлана-чөйрөсүндө жүргөн адамдардын да башы айланып калганын боолголоп, экөөнүн бирөөсү саясаттан кетиши керек экенин айтып чыккан эле.