Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин уулдары Нурмагомедовду кандай тосуп алышты? (сүрөт)

Хабиб Нурмагомедов аны Кыргызстанда кантип тосуп алганын көрсөттү.

Ал өзүнүн Инстаграм баракчасына бай дасторкондун видеосун жарыялады. Ошондой эле кадрларда Садыр Жапаровдун уулу Рүстөм менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас тартылган.

«Таңкы төрт, бул жерде кантип диетага отурасың?»: Нурмагомедов видео боюнча комментарий берди.

Эске салсак, Чолпон-Ата шаарында спортчу бүгүн Чолпон-Ата ипподромунда өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17:00дө башталат.