Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев биринчи айымдарга гүлдесте тартуулашты

Кечээ, 26-январда Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жубайы менен бирге келди. Аны аэропортто президент Садыр Жапаров жубайы менен тосуп алды.

Президент Садыр Жапаров өзбек ханайымына кызыл розадан турган гүлдесте берсе, коңшу өлкөнүн башчысы Айгүл Жапаровага күлгүн түстүү жоогазын менен пиондордон турган гүлдесте тартуулады.