Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда Жер-Үй кенинин комбинаты ачылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы Жер-Үй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачты. Орусиянын лидери бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышты. Эки өлкө башчыларынан тышкары иш-чарага орусиялык «Альянс тобунун» президенти Муса Бажаев менен ВТБ банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин катышты.

Садыр Жапаров Жер-Үй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканы ачуу үчүн бүгүн, 17-мартта Таласка барган. Өкмөттүн маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин жогорулайт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт. Бирок бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Таластагы Жер-Үй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык, кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.