Садыр Жапаров: «Мени менен сүрөткө түшкөндөрдүн 99 пайызын тааныбайм»

6-октябрдан бери миңдеген жарандарыбыз менен сүрөткө түштүм. Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аны менен түшкөн сүрөттү кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат.

“Ошондуктан бирге түшкөн сүрөттү көрсөтүп, “маселемди чечип бер” дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула. Жазасын беребиз”, — деп жазды президент.