Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты.

Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди.

Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь — Александр Лукашенко, Казакстан — Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан — Садыр Жапаров, Орусия — Владимир Путин, Тажикстан — Эмомали Рахмон, Түркмөнстан — Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан — Шавкат Мирзийоев катышты. Ошондой эле Кубанын президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбало чакырылган.

Жеңиш парады аяктагандан кийин мамлекет башчылары Орусиянын президенти Владимир Путин менен биргеликте Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.