Садыр Жапаров «Мурас» салттуу мелдешине катышты

Бишкекте 25-майда башталган футбол боюнча «Мурас» салттуу достук мелдеши президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.

Бүгүн, 26-майда «Президенттин командасы» курамы 1/4 финалда «Билим» командасын утуп алды. Мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн

жетекчилеринен турган президенттин командасынын курамында ойнойт.

Бишкекте 25-26-майда салтка айланган «Мурас» достук мелдеши өтүүдө, ага ар кыл тармактардан топтолгон 16 команда катышып жатат.