Садыр Жапаров мыкты бомбардир болду. Бишкекте «Мурас» мелдеши аяктады (сүрөт)

Бүгүн, 9-декабрь күнү борбор калаанын «Газпром» спорт комплексинде «Мурас» мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында — 3-орун үчүн беттеште «Достук» «Спорт жылдыздары» командасын 8:2 эсеби менен жеңип чыкты.

Финалдык оюнда «Президенттин командасы» «Ден-соолук» менен кез келип, 2:1 эсеби менен утту.

«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:

1-орун — «Президенттин командасы»

2-орун — «Ден-соолук»

3-орун — «Достук»

4 орун — «Спорт жылдыздары»

Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:

Мыкты оюнчу — Нурлан Турусбеков («Ден-соолук»)

Бомбардир — Садыр Жапаров («Президенттин командасы», 13 гол)

Мыкты дарбазачы — Учкун Байсубанов («Билим»)

Турнирдин байге фонду 1 миллион сомду түзүп, ал биринчи төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү.