Садыр Жапаров: «Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала алышпайт»

«Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк алышпайт». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

«Көп авария катталып жаткандыктын биринчи себеби айдоочуларда. Акыркы 20-30 жылда көпчүлүгү окубай туруп эле айдоочулук күбөлүк сатып алгандар. Эрежени сакташпайт. Жол белгилерин билишпейт. Азыр рейд өткөрүп четинен сурап көрсөк дээрлик 90 пайыз айдоочулар жооп бере алышпайт. Бул проблеманы чечиш үчүн эки жылдан бери катуу иш жүрүп жатат. Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала алышпайт. Окуп, жол эрежесине байланыштуу толук жооп бергенден кийин гана айдоочулук күбөлүк берилет. Жооп бере албаса экзамен тапшырып жүрө беришет»,- деди ал.