Садыр Жапаров Нарында Ормон хандын эстелигин ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Мамлекеттик тууну көтөрүү каадасына жана Ормон хандын 230 жылдыгына карата эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Эң ыйык дөөлөтүбүз болгон көз карандысыздыгыбызды ордолуу Ош шаарында белгилеп, касиеттүү Сулайман-Тоонун астанасында эркиндиктин эн белгиси болгон ыйык туубузду бийик желбиреткен элек. Мына бүгүн ошол байыркы мезгилден азыркы күнгө чейин элибиз үчүн мамлекеттүүлүктүн улуу символу болуп келген туубузду Кочкор жергесинде көкөлөтүп олтурабыз. Бул да болсо эгемендигибизди даңазалап-даңктоо, барктоо, кийинки муундардын дем-күчүн арттыруу болуп саналат. Туубуз ар дайым бийик желбиреп турса, кыргызстандыктардын атуулдук сезими бийиктейт, ата-бабаларыбыздын астындагы милдетибизди күн сайын эскертип турат! Береги бийик желбиреп, жергебизге көрк берген кызыл туубуз менен эми кочкорлук мекендештерибиз да сыймыктанса болот.

Кыргыз элинин басып өткөн бай тарыхында элди бир туунун астына бириктирип, жол баштап, кол топтоп, душман беттеп, элдүүлүктү, эгемендикти коргоп келген нечендеген чыгаан инсандарыбыз өткөн. Алардын бири – кыргыз жана казак санжырачылары аттап өтүп кете албаган, кыргыз тарыхында салмактуу орду бар Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгына карата эстелигин ачып олтурабыз. Ормон хандын жети атасынан бери эл башкарган көсөмдөрдөн, кашкөй баатырлардан болгонун тарыхчылар айтып келет. Эл оозунда “Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек” деген сөздүн айтылып калышы эле бул даңктуу инсанды берген тукумдун даңазасын билдирип турат го деп ойлойм. 19-кылымдагы татаал кырдаалда Ормон Ниязбек уулу бытыранды кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, хан шайланып, жоопкерчиликти өзүнө алган. Бул окуяны — Кыргыз хандыгынын түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдөгү эң орчундуу окуя катары кароого болот. Ормон хан атабыздын кыргыз элинин эгемендиги үчүн жасаган эрдиги менен өтөгөн эмгеги татыктуу бааланышы керек”.