Садыр Жапаров Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун урунттуу учурлары

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Өлкө башчысынын куттуктоосунун урунттуу учурлары.

  1. Өткөн жылы өлкө аймагындагы сугат каналдарын тазалоо иштерин колго алсак, бул жылы БДР менен БСРлерди калыбына келтирүү, жаңыларын куруу иштерин жолго коюунун камын көрүп жатабыз. Ошону менен бирге ирригациялык курулмаларды оңдоо, айылдарды таза суу менен камсыздоо системасынын курулушун жүргүзүүгө басым жасайлы деп турабыз.
  2. Жакында “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин ачылышын жасайбыз. Ал эми Кыргызстан эле эмес, коңшу мамлекеттер үчүн дагы мааниси зор, кылым курулушу атыккан “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору быйыл конкреттүү иш-чаралар менен коштолот. Өзүңүздөр жакшы билгендей, бул ГЭСибизди куруп алсак, эл аралык “КАСА-1000” долбоорунун алкагында Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгү кыйла артат.
  3. Салыктан бошотуу өңдүү жеңилдиктер Кыргызстанга инвесторлордун келишине жагымдуу жагдайларды жарата баштады. Буга кечээ жакындагы эле Автоунаа чогултуу жана аларды эл аралык сатыкка алып чыгуу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын куруу боюнча долбоорду мисалга тартсак болот.
  4. Пилоттук долбоор катары Түп району менен Нарын облусунда ийгиликтүү ишке ашырылган административдик-аймактык реформанын натыйжасы менен башка аймактарда дагы ушундай ирилештирүү реформасын жүргүзүүгө бел байлап олтурабыз. Мындай кадамдар эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен жасалган. Реформа жүргүзүү боюнча чечим кабыл алынган соң, аягына чыгарышыбыз керек.
  5. Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бардык системасын санариптештирүү барган сайын өркүндөөнүн үстүндө. “Түндүк” улуттук долбоорунун жүзөгө ашырылышы менен мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу кескин жогорулап, анын таасири коррупциялык көрүнүштөрдүн азайышына алып келүүдө.
  6. Буга чейин мугалимдердин маянасын көтөрүү менен мектеп имараттарын жаңылоого маани берип келген болсок, буюрса, мындан ары мектептерди окуу программасы менен окуу китептеринин сапаттуу болушуна маани беребиз. Буга чейинки окуу программасы азыркы муундун талабына жооп бере албай калганын ачык эле айтып коюшубуз керек. Мындан улам Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган “Алтын Казык” аттуу мамлекеттик жаңы программанын долбооруна дыкат көңүл бурабыз.