Эртең менен дайындалган мэрдин милдетин аткаруучу түштө кызматтан кеткени айтылууда

Эртең менен Бишкек мэринин милдетин аткаруучулук кызматка келген Эрмек Нургазиев түштө кызматтан кеткени айтылууда. Мындай жоромолдордун жаралышына президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсү негиз болуп жатат.

Анын айтымында, Нургазиевди шаардын мэрлигине коюу мүмкүн эмес.

“Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес”,- деп жазды Жапаров.