Садыр Жапаров: «Олимпиада комитети диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок»

Учурда Франциянын Париж шаарында Олимпиада оюндары өтүп жатат. Бул спорттук мелдештерде кыргыз балбандары күчүн сыноодо. Аны менен кошо акыркы күндөрү коомчулукта спортчуларга жеткиликтүү шарт түзүлбөгөндүгү тууралуу да сөздөр талкууга алынууда. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги мамлекет башчыдан комментарий алды.

«Биринчиден, сындын да чеги болуш керек. Сындайт десе эле майда-чүйдө бир нерседен кыйкым издеп, жакшы кетип бараткан иштерди бурмалай бериштин кереги жок. Биз акыркы төрт жылда спортчуларыбызга жакшы эле көңүл буруп келе жатабыз. Ошол үчүн мына бүгүнкүдөй жыйынтыктар болуп, медалдарды алып атышат.

Эми ушуга да шүгүр дейли. Мурда эптеп эле катышып келсек болду деп жүргөн болсок, бул ирет эң жок дегенде 3 алтын медаль алышыбыз керек деген амбициябыз пайда болду. Экинчиден, албетте, уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер бар. Мисалы, диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок»,- деди ал.