Садыр Жапаров: «Олимпиадага кетер алдында тамак-аш, витаминге деп 5 миң доллардан бергенбиз»

Учурда Франциянын Париж шаарында Олимпиада оюндары өтүп жатат. Бул спорттук мелдештерде кыргыз балбандары күчүн сыноодо. Аны менен кошо акыркы күндөрү коомчулукта спортчуларга жеткиликтүү шарт түзүлбөгөндүгү тууралуу да сөздөр талкууга алынууда. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги мамлекет башчыдан комментарий алды.

«Тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз.

Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу.

Мурдагыга караганда спортчуларыбызга азыр Кудайга шүгүр эле көңүл буруп жатабыз. 3 жылдан бери, мисалы, күрөшчүлөрүбүзгө эң кымбат деген витаминдерин камсыз кылып келдик. Бир жылда эле 4 миллион сом каражат жумшалат экен. Мурда жатаканаларда жашап жүргөн спорчуларыбыз бар эле. Аларга шарт түзүп, батирлерди алып, ижара акысын төлөп берип келдик. Эми Кудай буюрса, өз үйлөрү болуп калат. Мурда спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге барарда акчалары өз убагында бөлүнүп берилбей, каражат жок, ар кимден карыз алып, мелдешке кетип жүргөн күндөрү болгонун өз көзүбүз менен көрүп жүрбөдүк беле. Анын баарын тез эле унутуп калдыкпы? Мелдештерге барып келип, андан кийин акчалары колдоруна тийген кезде карыздары менен эсептешип жүргөндөрүн мен өз көзүм менен көргөм. Ал күндөр эми артта калды. Мындан ары эми андай болбойт», — деди өлкө башчысы Садыр Жапаров.