Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу ЖККУнун кезексиз сессиясына катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат. Сессия Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан  Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышары күтүлөт.