Садыр Жапаров Орус бийлигинен кыргызстандык мигранттарды коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүнү өтүндү

Президент Садыр Жапаров Орусия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында «Российская газета» басылмасына маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 26-февралдагы санына жарыяланды.

Анын жүрүшүндө, президент Садыр Жапаров Орусиядагы кыргызстандык мигранттар жана аларды коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүү боюнча да сөз кылган.

Журналист президентке: «Москвада Орусиянын аймагындагы кыргызстандык эмгек мигранттары туурасында маселе талкууландыбы?»,- деген суроо узатты.

«Орусиялык тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Орусиянын аймагындагы жалпы эмгек мигранттарыбызга байланыштуу маселелер көтөрүлдү.

Биздин жарандардын Орусияга барып иштеп келүүсүн жеңилдетүү маселелерине өзгөчө басым жасалды. Өзгөчө биздин өлкөлөрдүн ортосунда жумушчулардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн транспорттук байланыштарды толук кандуу калыбына келтирүү зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 800 миңден ашуун кыргызстандыктар жүргөндүгүн эске алганда, алардын көпчүлүгү экономикалык жана социалдык жактан толугу менен орус коомуна интеграцияланган. Мен коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча орусиялык программаларга Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн киргизүүнү же алардын акы төлөп эмдетүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндүм»,- деди ал.