Садыр Жапаров орусиялык ишкерлерди активдүү кызматташууга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда орусиялык ишкерлер менен жолугушууда өлкөдөгү келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, бизнесмендерди активдүү кызматташууга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Биз өз тармактарында дүйнөлүк лидер болуп эсептелген орусиялык алдыңкы компаниялар менен кызматташууга жана алардын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүсүнө абдан кызыкдар экенибизди билдиребиз. Бүгүнкү күндө энергетика, өнөр жай жана инфратүзүм, туризм жана жаңы технологияларды өнүктүрүү маселелери биздин биргелешкен кызматташтыгыбыздын актуалдуу чөйрөсү болуп саналат. Жаңы шарттарда ири инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырыларына, санариптештирүү жана жаңы технологиялар жаатында кызматташтык алдыга жыларына ишенем»,- деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары Садыр Жапаров өз сөзүндө жеңил өнөр жай тармагында, тигүү-текстиль жаатында биргелешкен, экспорттоого багытталган ишканаларды ачууда, ЕАЭБге жана чет өлкөлөрдүн рыногуна жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында агропродукциялардын соода-логистикалык борборлорун куруу маселелерин алга жылдыруу менен айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү багыттарында чоң потенциал бар экенин белгиледи.

«Жалпысынан кызматташуу мүмкүнчүлүгүнүн потенциалы жогору, өз ара аракеттешүү чөйрөсү ар тараптуу. Өлкөмдүн динамикалуу, стабилдүү жана туруктуу өнүгүшүн жактаган мамлекет башчысы катары Орусиянын ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстанды ишенимдүү ишкер өнөктөш катары кароого үндөйм жана жигердүү кызматташуу менен ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырам. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары, ошондой эле жетишилген келишимдерди ишке ашыруу жакынкы аралыкта өз ара соода көрсөткүчтөрүнө жана Кыргыз Республикасынын экономикасында орусиялык инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшүнө таасир этерине бекем ишенем»,— деди Садыр Жапаров.