Саналуу күндөн кийин Кыргызстанда эгемендүүлүк майрамы белгиленет. Ага бир катар чет элдик ырчылар келери айтылган. Ошондон кийин социалдык тармактарда чет элдик аткаруучулардын келүүсүнө каршы пикирлерин айткандар көбөйгөн. Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт боюнча президент Садыр Жапаров комментарий берди.
«Мурда Кыргызстан деген өлкө каякта экенин билбеген чет элдиктер көп болчу. Азыр эми биздин көз карандысыздыгыбызды куттуктап, эли-журтуңарга концерт тартуулап кетели дегендерди кубануу менен тосуп албайлыбы.
Гонорар албай эле келип кетебиз дешкен экен. Кудай жалгасын дедим. Албетте, жата турган жерин, тамак-ашын камсыз кылып беребиз. Биз меймандос калкпыз.
Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей коёт дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча-мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз», — деди ал.