Пезидент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Ош шаарынын мэри Жеңиш Токторбаев менен биргеликте Ош шаарындагы жолдордун салынышы менен таанышты.
2025-жылы Ош шаарында жалпы 33 көчөнү куруу иштери колго алынган.
Республикалык бюджеттин эсебинен 22 чакырымга жакын 11 негизги көчө капиталдык оңдоодон өттү.
Жергиликтүү бюджеттен каржыланып, шаар ичинде дагы 22 көчөдө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жалпы 90 пайызга жакын жол асфальтталып Эгемендүүлүк күнүнө карата элге пайдаланууга берилүүдө.











