Садыр Жапаров өспүрүмдүн тилегин орундатты

Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы орто мектептин 4-классынын окуучусу Жанарбек Жайлообаев апасына тиричилик буюмдарын белек кылууну кыялданаарын айтып президентке кат жазган. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Өспүрүмдүн тилегин орундатып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жанарбек Жайлообаевдин апасы Кыял Мусаевага тиричилик техникаларын алып берди. Белектерди кечээ, 24-ноябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Нурбек Сатаров дарегине жеткирди.

Бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Баланын атасы жана иниси бала кезинен майыптыгы бар.