Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө мезгилдер өтүп, замандын өзгөрүшү менен жаратылыш, табият да бир топ өзгөрүүлөргө учурап жатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатканын белгиледи. Жер жүзүндө жаратылыш кубулуштарынын, табият кырсыктарынын же өзгөчө кырдаалдардын саны өстү, алкагы кеңейди.

«Глобалдык шарттар, климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. Мунун баары бизден жаратылыш кырсыктарын, мүмкүн болгон башка тобокелдиктерди алдын алууга, кесепеттерин жоюуга колдо болгон күч-аракетерди арттырууну, көбөйтүүнү, жаңылоону талап кылат. Өрт коркунучу, сел, жер көчүү, жол кырсыктарынан, химиялык, инженердик, медициналык жана башка кооптуу жагдайлардан улам кырдаал андан бетер татаалдашып, адам өмүрүн алып кеткен өтө кейиштүү учурлар да болбой койбойт», — деди Садыр Жапаров. 

Президент адам өмүрүнөн өткөн байлык жок экенин баса белгиледи.  Эң негизгиси адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды башка мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо милдетин аткаруу , ошол эле учурда кандай гана кырсык болбосун, шашылыш жардамга муктаждык жана тез чара көрүү — ар бир мүнөт маанилүү экенин билдирди.

Ал бир жыл мурун куткаруучулар заманбап өрт өчүрүүчү машиналар жана атайын инженердик оор техникалар менен камсыз болгондугун эске салды.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө эч качан кырсык-апааттар болбосун, инженердик жана атайын техникалар жарандардын жыргалчылыгы үчүн пайдаланылышын каалады.