Бүгүн, 5-майда Садыр Жапаровдун катышуусу менен «Мурас» футбол боюнча достук мелдеши уланып жатат. Аянтка президенттик администрация менен «Алга» командасы кез келди.
1-таймдын бүтөрүнө 2 мүнөт калганда Садыр Жапаров эсеп сандарын ачты. Биринчи тайм президенттик администрациянын жеңиши менен аяктады.
Ал эми 2-таймда да Садыр Жапаров командасына 1 гол алып келди. Андан кийинки голду өлкө башчы Маданият министри Азамат Жаманкулов менен беришип жатып, киргизди. Өлкө башчы оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда 3-топту киргизди.
Оюн 4:0 эсеп сандары менен президенттик администрациянын жеңиши менен аяктады.