Садыр Жапаров президенттик лицейге жеңил унаа жана кичи автобус тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы президенттик лицейде өткөн “Акылман — билим дүйнөсүндө” аттуу иш-чарага катышты.

Өткөн жылы бул лицейге жалпы республика боюнча эң мыкты, эң зээндүү делген 72 окуучу тандалып алынган. Анын максаты – бул балдарды эл аралык тажрыйбадан өткөн жаңы окуу программаларынын негизинде окутуу менен аты дүйнө жүзүнө белгилүү Гарвард, Оксфорд, Стэнфорд, Сорбонна сындуу окуу жайларына багыттоо. Лицейдин эмгек жамааты да өтө дыкаттык менен тандалып алынганын Садыр Жапаров баса белгилеп, айта кетти. Аларга окуучулардын интеллектуалдык жөндөмүн жогорулатуу менен бирге, руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарын арттыруу, ата салты жана баба наркына ылайык таалим-тарбия берүү милдети жүктөлгөн. Президент лицейдин окуучулары жыл айланбай республикалык, эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги олимпиадаларда математика жана робототехника боюнча мелдештерде эң жакшы жетишкендиктерди көрсөткөнүнө сыймыктанарын айтты.

Ал лицейдин бүтүрүүчүлөрү мындан ары да көңүл сыртында калбаарын — бул мектептин жогорку окуу жайларында окуусун ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик кызматка кирүүгө артыкчылыктуу укук алышы үчүн мамлекет бардык шарттарды түзөрүн, анткени “Акылманга” Кыргызстандын эң таланттуу, билимдүү жана акылдуу окуучулары тандалып алынаарын белгилеп өттү.

“Акылман” лицейи жылына 70ке жакын таланттуу жана билимдүү окуучуларды кабыл алат. Окууну аяктагандан кийин, бүтүрүүчүлөргө мамлекет тарабынан жумушка орношууга кепилдик берилет, эч кандай байланыш же пара талап кылынбайт. Президент бул тармактагы коррупцияны иликтеп, жазалоону убада кылып, тандоо процессин катуу көзөмөлгө алууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров лицейдин директоруна мектептин муктаждыктары үчүн жеңил унаанын жана кичи автобустун ачкычын тапшырды, ошондой эле билим берүү мекемесинин мугалимдери жана окуучулардын ата-энелери менен баарлашып, жай мезгилинде балдарды жаңы окуу жылына даярдоодо аларга кылдаттык менен көңүл бурууну өтүндү. Андан соң мамлекет башчысы билим уясынын кызматкерлери менен баарлашып, мектеп ашканасында лицейдин окуучулары менен чогуу тамактангандан кийин «Акылман» президенттик лицейинин Камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынына катышты.