Садыр Жапаров радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«
Дүйнө жүзүндө маалыматты жыйноо жана жайылтуу ыкмаларынын түрлөрү барган сайын өнүгүп, элге теле жана радиопрограммалардын кеңири тандоосу тартууланууда. Бул динамикалык прогресс аталган тармактын адистери үчүн атаандаштык чөйрө түзүп, алардын маалымат издөө ыкмаларын, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, интеллектуалдык шык-жөндөмүн дайыма өркүндөтүп турууга мажбурлайт.
Албетте, буга чейин болуп келгендей эле, жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде теле жана радио ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет. Алар руханий жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын калкыбыздын калың катмарына жеткирүү үчүн алмаштыргыс каражат болуп саналат.

Коомдук аң-сезимдин калыптанышына радио жана телекөрсөтүү өкүлдөрүнүн кошкон зор салымын белгилебей кетсек болбос. Алардын алдында күн сайын өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды кесиптик жоопкерчилик менен чагылдыруу милдети турат!».