Садыр Жапаров: «Салыкчылар силердин патент менен калышыңарга кызыкдар»

Бүгүн, 5-декабрда Садыр Жапаров соодагерлер менен жолугуу үчүн «Дордой» базарына барды.

«Мен өкмөт менен силердин ортоңордогу элчимин. Мамлекетти иретке салышым керек. Июлга чейин кандай болсо ошондой болсун деп токтотуп тургула дедим. Салыкчылар да буга даяр эмес экенин кечээ билдим. Социалдык фонддон жешкен. Салыкчылар өзүлөрү алышкан, алар силердин патент менен калышыңарга кызыкдар. Анткени чөнтөгүнө көп акча түшүп турат. Патент алган сайын 500-1000 сом таштап турат», — деди ал.