Садыр Жапаров: «Сапаттын» окуучулары байгелүү орундарды багындырып келе жатышканын угуп, сыймыктанып калам»

“Жыл өткөн сайын, ата-энелер балдарынын билим алуусуна инвестиция салуунун артыкчылыктарын аңдап-түшүнө баштаганы мени абдан кубандырат”, — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча «Алтын сертификаттардын» ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо салтанатында.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөгө 50740 бүтүрүүчү катышты. Дээрлик миңдин бири болуп, 58 бүтүрүүчү Алтын сертификатка ээ болдуңар. Мында эң жогорку балл алган Аминат Гордаева, Максат Оморов, Элнура Эркинбекова сындуу окуучуларыбызды өзгөчө белгилеп кетким келип турат. Булар менен кошо араңарда өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан: Бишкек шаарынан, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Баткен дубандарынан келген алтын сертификат ээлери олтурасыңар. “Эр эмгегин жер жебейт” деген макал сыңары, көз майын коротуп талбай окуп, катуу даярдыгыңардын акыбети ушинтип кайта баштады десек болот.

Бул жылкы ЖРТнын жыйынтыгын байкасаңыздар керек, эң жогорку балл 234 баллга чыкты. Демек, өлкөбүздө жыл өткөн сайын балдардын терең билим алышына катуу көңүл бурула баштады десек болот. Башкача айтканда, жыл өткөн сайын, ата-энелер балдарынын билим алуусуна инвестиция салуунун артыкчылыктарын аңдап-түшүнө баштаганы мени абдан кубандырат. Ата-энелер балдарынын келечегин бир эле билим берүү мекемелерине түртө салбай, өздөрү да киришип, үйдөн катуу көзөмөлдөп, ар тараптан колдоого алып жатышканын бүтүндөй бир өлкөнүн келечеги үчүн кам көргөн нукура атуулдук аракет катары эсептөөгө болот.

Ошону менен бирге ЖРТнын жыйынтыгында “мыкты” деп табылган балдарыбыздын ийгилиги, албетте, мектептердин, билим берүү мекемелеринин аракетинин аркасында жаралып жатат. Мындай түмөн түйшүктүү мээнетти эч ким талаша албайт. Тестирлөөдө эң мыкты балл алган окуучулардын мектептери жалпы республика аймагындагы билим берүүнүн көрсөткүчү болбошу мүмкүн. Бирок, мыкты ийгиликтерди жараткан, орто балл алган балдар боюнча мониторинг, анализ кылганда деле дал ушул мектептер алдыга озуп чыгаарына менин эч шегим жок. Анын үстүндө коомчулуктун пикирлерин эске алганыбызда деле дал ушул №12, №24, №61, №67, №70 жана башка мектептерде билим сапаты жогору экени, балдарын ушул мектептерде окутсам деген ата-энелердин арзуу-тилеги арбын экени мага да маалым. Ал эми бул ЖРТ системасы өлкөбүзгө киргени биринчиликти колдон чыгарбай, эң жогорку баллды камсыз кылып келаткандардын 90%ы “Сапат” билим берүү мекемелеринен билим алган балдар экенин ар жылкы ЖРТнын жыйынтыгы тастыктап келет. Муну акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз кажет. Алыс барбай эле быйылкы ЖРТнын жыйынтыгын алсак, 58 окуучунун 13ү дал ушул билим берүү мекемесин бүтүргөндөр экен. Мен бул жерде бир гана ЖРТнын жыйынтыктары боюнча айтып жатам. Болбосо, ар кайсы предметтер, айрыкча азыркы учурда өтө орчундуу болуп турган СТЕМ багытындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда дагы дал ушул “Сапаттын” окуучулары байгелүү орундарды багындырып келе жатышканын угуп, сыймыктанып калам».