Садыр Жапаров Сауд Арабияга жөнөп кетти. Аны кимдер коштоп кетти?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда Сауд Арабиянын падышасынын чакыруусу менен “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышуу үчүн Жидда шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Улукбек Марипов — Кыргыз Республикасынын Сауд Араб падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

Данияр Амангельдиев — экономика жана коммерция министри;

Тойгонбай Абдыкаров — Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

Каныбек Туманбаев – Президенттин иш башкаруучусу;

Талгат Аширбеков – Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.