Садыр Жапаров селден улам 281 үй-бүлө туугандарыныкына, 10 үй-бүлө мечитке, 26 адам чайханага жайгаштырылганын билдирди

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына пост жазып, селден улам 281 үй-бүлө туугандарыныкына, 10 үй-бүлө мечитке, 26 адам чайханага жайгаштырылганын билдирди.

«Табият кырсыгы болду. Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам), Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам), Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам), Төөлөс айылынан 3 үй-бүлө (15 адам), Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам), Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам), Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам), Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу жайгаштырылды.

Жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги толугу менен ишке тартылды. Кудай буюрса, жабыркаган үйлөрдү жакын арада калыбына келтиребиз. Сабыр кылыңыздар», — деп жазды ал.