Садыр Жапаров селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында селдин жүрүшүнөн улам каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

 

“Урматтуу мекендештер! Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында табият кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейм.

Селдин кесепетинен чырактай өмүрлөр кыйылганы туурасында кабарды кабыргабыз кайышып кабыл алдык. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эс алууга чыгып, айттырбай келген кырсыктан улам тоодо камалып калган миңден ашуун жарандарыбыз куткарылды.

Белгилеп кетчү жагдай, тиешелүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары биринчи мүнөттөрдө эле болгон күч-аракетин жумшашты. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышууда. Учурдан пайдаланып, четте карап турбай, куткаруучу кызматкерлерге кол кабыш кылып, аттарын берип, жабыркагандарды үйлөрүнө жеткирип, кам көргөн жарандарыбызды да ыраазычылык менен белгилейм. Бул дагы болсо улутубуздун ынтымагынын бекемдигин көрсөттү. Эми мындай окуялар кайталанбасын деп Кудайдан тилейли. Селден жабыркагандарга сөзсүз жардам көрсөтүлөт. Мамлекет тарабынан сөзсүз кам көрүлөт, аларды жалгыз калтырып койбойт”.