Садыр Жапаров Сокулуктагы мобилдик клиниканын иши менен таанышты (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта Чүй облусунун Сокулук районундагы мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин иши менен пландан тышкары таанышты. Мамлекет башчысына мобилдик клиникада бейтаптар акысыз кароодон өтүп, медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектри жана ар кандай ооруларды аныктоо боюнча консультация алса болору маалымдалды.
Садыр Жапаров клиниканы карап чыгып, медициналык адистердин кароосуна келген жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Жолугушууда медициналык, социалдык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле аларды тынчсыздандырган башка маселелер көтөрүлдү. Ал быйыл, анын тапшырмасы менен, кезекте тургандарга өлкө бюджетинин эсебинен бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасай баштаганын эске салды.