Садыр Жапаров соодагерлер июлга чейин патент менен иштей турганын айтты

Бүгүн, 5-декабрда Садыр Жапаров соодагерлер менен жолугуу үчүн «Дордой» базарына барып, 2024-жылдын июль айына чейин патент менен иштеп туруусуна уруксат берди.

Анын айтымында, салыкчылар да буга даяр эмес.

«2024-жылдын июль айына чейин кандай болсо ошондой иштеп турсун. Мен салыкчылар менен силерден делегация менен отуруп сүйлөшөбүз. 1-июлга чейин патент менен эле иштеп тургула», — деди ал.