Садыр Жапаров: «Сөөк коюлгандан 25 жылдан кийин жерди колдонууга өтүү керек»

«Республика боюнча 2 миңден ашык айылыбыз бар болсо, анын ар биринде көйгөй бар. Жаштарыбызга үй керек, алар жер сурайт. Азыр баарына жер бөлүп берсек, 50 жылдан кийин элибиз ачка калат». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24кө” берген маегинде билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, шариятка ылайык, сөөк коюлгандан 25 жылдан кийин жерди колдонууга өтүү керек. «Айылдардын тегерегинен жер бербөө зарыл. Айдоо жерден башка жер калган жок. Түшүм бере турган жерлер калды. Жерди үнөмдөө керек», — деди ал.