Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-декабрда совет бийлиги тушунда репрессияга туш болгон, диний, саясий ишенимдери үчүн камалган же куугунтукталгандарды актаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Андан сырткары, аталган мыйзам саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдарды актоо каралган.