Садыр Жапаров Тажикстандын президентин туулган күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасынын текстин Тажикстан Республикасынын президентинин сайтында жарыяланды.

«Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин акылман жетекчилигиңиздин аркасында дос Тажикстан социалдык-экономикалык кайра куруунун жолу менен бара жаткан динамикалуу жана ишенимдүү өнүгүп жатат. 14-сентябрда Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Дүйшөмбүдөгү акыркы жолугушуубузду канааттануу менен эстейм. Достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында биз кыргыз-тажик мамлекеттер аралык мамилелеринин абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин кызуу талкууладык. Сизге, урматтуу Эмомали Шарипович, чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, ал эми боордош Тажикстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, президенттик аппарат Садыр Жапаровдун куттуктоо текстин жарыялай элек.