«Урматтуу мекендештер! “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын тартылып жаткандыгы боюнча билдирүү берип коеюн деп чечтим. Анткени менин атым да аталып жатат. Кинорежиссёр Өмүрзак мырза менин кабыл алуумда болгону анык. Кино тартайын деп жатам деген идеясын айткан. Иштейм деген жараныбызды иштебе деп кантип тыям? Бирок ошол эле мезгилде бир шарт койгом. «Бул тема жөнөкөй тема эмес. Ошондуктан, тасманы тартып бүткөнүңүздөн кийин манасчыларды, ак сакал-көк сакалдарды, тарыхчыларды, кыскасы, өнөр адамдарынын баарын бир залга чогултуп алып, биринчи көрүп чыгалы. Кемчиликтери болсо толукташсын, аша чапкан жери болсо алып салышсын. Андан кийин анан чыгарасыз. Болбосо чыгарбайсыз деген шарт койгом«,- деди ал.
Садыр Жапаров «Манастын уулу Семетей” тасмасынын режиссёруна бир шарт койгонун айтты
Президент Садыр Жапаров “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын тартылып жаткандыгы боюнча билдирүү таратты.
- Categories: КООМ
Related Content
«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:31 06.03.2026
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кезектеги маегин берди (толугу менен)
Автор
СЕРЕП МЕДИА
08:58 06.03.2026
Депутат Бекешев: "Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат"
Автор
СЕРЕП МЕДИА
12:14 05.03.2026
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:34 05.03.2026
Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:57 05.03.2026