Садыр Жапаров: «Тарых үчүн ойноп коюшумду суранган үчүн чыктым»

Бүгүн, 30-августта Бишкекеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «Барселона» легендалары менен «Азия Легендаларынын» беттеши болуп жатат.

Алгач талаага беттештин калыстары андан соң, эки команданын оюнчулары чыгышты. Ал эми президент Садыр Жапаров эң акырында чыгып, сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды эртеңки Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Барселона легендалары менен Азия чөлкөмүндөгү легендалар беттешкени турат. Эки команданы салыштырып болбойт, анча-мынча гол киргиздирип жиберсек сөкпөгүлө. Биздин команданын көбүнүн жашы өтүп калгандар, мына мен деле 55ке чыктым. Жаш кездегидей ылдамдык болбойт экен. Мен деле чыкпайт элем. Тарых үчүн ойноп коюшумду суранган үчүн чыктым«,- деди ал.