Садыр Жапаров: «Тигүү цехтери жана курулушка жумушчулар керек. Айлыгы 20-30 миң сом»

«Өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатат. Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары токтой баштады». Бул тууралуу маалыматты президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылышып, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда. Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акынын көлөмү 20 000-30 000 сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот). Иш боюнча суроолоруңуздарга министрликтин тийиштүү адистери жооп берет. Телефон аркылуу маалымат алуу иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин (ишемби, жекшемби – дем алуу күндөрү). Байланыш телефону: 1899», — деп жазылат билдирүүдө.