Садыр Жапаров Токмоктогу унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводго барды (видео)

Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун филиалы болгон Чүй облусунун Токмок шаарындагы унаа дөңгөлөктөрүн кайра ишттетүүчү заводго барды.

Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын августунда сыноо режиминде ишке киргизилген. Ишкананын ишмердүүлүгү эски автомобиль шиналарын кайра иштетүү аркылуу өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган.

“Калдыктарды акчага айландырабыз” долбоорунун максаты немец технологиясы боюнча ишкана түзүү болуп саналат, ал ар кандай өлчөмдөгү дөңгөлөктөрдү калыбына келтирет, бузулган шиналарды алмаштыруунун баасын төмөндөтөт жана кирешенин жаңы булактарын түзүүнүн эсебинен “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат, ошол эле учурда пластик буюмдардын калдыктарынын зыяндуу таасирин азайтат.

Заводдун жетекчилиги мамлекет башчысына ишкананы тесттик режимде толук ишке киргизүү 2024-жылдын аягына пландаштырылганын маалымдады. Толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу менен завод саатына 2 тоннага чейин автомобиль дөңгөлөктөрүн кайра иштете алат, жылына мурда атайын техниканын ар кандай түрлөрүндө колдонулган 2000ге чейин ири габариттүү жана 8000ге чейин орто жана жеңил габариттүү унаа дөңгөлөктөрүн калыбына келтире алат. Бул “Кумтөр голд компани” компаниясынын шиналарды алмаштырууга кеткен чыгымдарын 30-40 пайызга кыскартууга мүмкүндүк берет. Өндүрүлгөн продукция Кыргызстанда гана сатылбастан, коңшу мамлекеттерге да экспорттолот. Бүгүнкү күндө ишкана 8 ай сыноо режиминде 900 миң килограмм шиналарды кайра иштеп чыкты.

Президент Садыр Жапаров заводдун иши менен таанышып чыгып, таштандылардын көлөмүн азайтып, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтып, жумуш орундарын түзгөн бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.