Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы атайын техниканы тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 265 даана атайын техника берилди. Аларга заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, авто бетон аралаштыргычтар, экскаваторлор жана башка техника кирет.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаңы техниканын жардамы менен Министрликтин материалдык-техникалык базасы күчөтүлөрүн белгиледи.