Садыр Жапаров авиабилеттердин баасы тууралуу үн катты

Россияга учкан үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды жеке көзөмөлүмө алгам. Албетте маселе татаал, бардыгы бизден гана көз каранды эмес, бирок биз бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаров өзүнүн баракчасына жазды.

Анын айтымында, алар мекендештерибиздин чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатышат.

«Орусияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак-жайы жок жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар. Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз»,- деди ал.

Мындан тышкары, ал бийлик аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатканын айтат.

«Аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бирок бул маселе Казакстан менен Орусиядан көз каранды. Казахстандын өкмөтү транзитти жандандырууга бүгүн макулдугун берди. Эми Орусия тараптын жообун күтөбүз»,- дейт өлкө башчы.

«Кыргызстандан Орусияга аба каттамдарын көбөйтөлү десе, Кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле! Тескерисинче көптөн бери Орусия тараптан чартердик рейсттерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес. Албетте, бардык маселе коронавируска дагы байланыштуу болуп жатат»,- деди ал.