Садыр Жапаров Түптө жергиликтүү бийликтегилерди урушуп жаткан видео тарады

30-майда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түп районуна барды.

Өлкө башчынын келишин жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан. Видеодон Садыр Жапаровдун жол боюнда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн урушканы көрүнөт. 

Буга чейин Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси — аким Каныбек Адиевге сөгүш берген. Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырган.