Садыр Жапаров Түркиянын президентине селдин кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясында жүргөн селден улам каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Кыргыз эли кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт. Табигый кырсыктан жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайт. Жараткандан боордош Түркиянын учурдагы оор абалдан тезирээк чыгуусун тилейм», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.