Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ашхабад шаарына кечээ, 11-декабрда барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысын Түркмөнстандын Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Андан кийин Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушуусу өттү. Жолугушууда кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде энергетикалык кызматташтык талкууланды.
Мамлекет башчысы келерки жылдын күзүндө Кыргызстанда бир катар маанилүү эл аралык иш-чаралар пландаштырылганын белгилеп, Президент Сердар Бердымухамедовду Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышууга, ошондой эле Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ардактуу конок катары келүүгө чакырды.
“Кыргызстандын Президенти транспорттук-логистикалык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ал тараптардын аймагы аркылуу өтүүчү эл аралык мультимодалдык коридорлордун толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташып, бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыктарын билдиришти”, — деп жазылат маалыматта.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тынчтыктын жана ишенимдин эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык форумдун ишине катышат.